Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №236/38-5
Токмок шаарынын мэриясына Токмок шаары, Манап-Бий көчөсү 236 дарегинде жайгашкан, жер тилкесинин жалпы аянты 6659 чарчы метр болгон бала-бакчанын имаратын Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-августундагы №1-22/2742 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясына Токмок шаары, Манап-Бий көчөсү 236 дарегинде жайгашкан, жер тилкесинин жалпы аянты 6659 чарчы метр болгон бала-бакчанын имаратын Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.М. Сансызбаев |