Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2024-жылдын 5-сентябры №96
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 20-бөлүмүнүн негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Бак айылынын түндүк-батыш тарабынан 1,5 га жер аянтына муниципалдык спорттук аянтча курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасына ылайык Жаңы-Бак участкасынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан 1,5 га “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт жерлер түрүнөн “калктуу пункттардын жерлери” категориясындагы жерлерге которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |