Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2024-жылдын 5-сентябры №97
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2- январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнундөгү” №3 Жарлыгын негиздеп, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасына ылайык Самаркандек айыл өкмөтүнүн Шураб кенинин Локальный участкасында жалпы аянты 5,45 га жер, анын ичинен №457 контурундагы 0,45 га таштуу жайыт жер, №458 контурундагы 1,85 га таштуу жайыт жер, №465 контурундагы 3,15 га таштуу жайыт жерлер 7075СЕ номерлүү лицензиянын негизинде «Сонас» ЖЧКсы тарабынан кен иштетүү ишмердүүлүгүн жүргузүү үчүн макулдук берилсин..
2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |