Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын

2024-жылдын 5-сентябры №99

Самаркандек айыл өкмөтунун статегиялык өнугүү планына кошумча долбоорлорду киргизүү жөнундө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин -бөлүмүнүн негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Самаркандек айыл өкмөтүнүн адистери тарабынан калктын көйгөйлөрүн изилдөөдөн кийин калктан түшкөн сунуштардын негизинде төмөнкү долбоорлор айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү планына киргизилсин:

–       Жашыл экономика долбоорунун алкагында Самаркандек айыл өкмөтүнүн борбордук көчөсун декоративдик дарактарды отургузуу жана тамчылатып сугаруу менен камсыздоо (жалпы суммасы 3,0 млн.сом).

 

–       Жаны-Бак айылынын Келечек участкасынын калкын сугат суу менен камсыздаган тик кудукту реабилитациялоо жумуштарын аткаруу (жалпы суммасы 150,0 мин сом).

2.   Самаркандек айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана туризм боюнча адиси тарабынан (А.Мурзакулов) айыл аймагынын стратегиялык өнугүү планына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүсү тапшырылсын.

3.   Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин  мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.

4.   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 Тѳраганын орун басары:

Г.Алимова