Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2024-жылдын 5-сентябры №100
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3 Жарлыгын негизинде жана Самаркандек айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак айылынын тургуну Д.Гайыповдун Самаркандек айылындагы К.Шадыбеков көчөсүндөгү 0,20 га жеке менчик автомунай куйуучу бекет куруу боюнча берилген жер аянтынын багытын чайкана куруу үчүн кайра профилдештирүү максатында “калктуу пункттар багытындагы жерлердин” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын 2023-жылдын 8-февралындагы ХХV cессиясынын №14 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |