Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын

2024-жылдын 5-сентябры №101

                                                Макулдук берүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин  2021-жылдын 2-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен  инвесторлорду колдоо жөнүндөгү”  №3 Жарлыгын негиздеп жана Самаркандек айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун   билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак айылынын тургуну Д.Гайыповдун Самаркандек айылындагы Ак-Жол көчөсүндөгү 0,10 га айыл чарба эмес багытындагы жерлерди аукцион аркылуу жеке менчик автомунай куйуучу бекет куруу боюнча сатып алынган жер аянтынын багытын логистикалык борбор куруу үчүн кайра профилдештирүү максатында “калктуу пункттар багытындагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

3. Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын 2023-жылдын 8-февралындагы ХХV cессиясынын №12 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин  мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

                               

 

 

 

Тѳраганын орун басары:

Г.Алимова