Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2024-жылдын 5-сентябры №102
Самаркандек айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулдугун берүү жөнүндө
Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрайымы К.Таабалдыеванын билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл аймагынын өнүгүүсүнө кошуп жаткан бир топ салымдарын белгилөө менен Самаркандек айылынын тургуну Жоробай уулу Манасбекке “Самаркандек айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан “Самаркандек айыл өкмөтүнун ардактуу атуулу” наамынын төш белгиси жана лентасы даярдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |