Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2024-жылдын 5-сентябры №103
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3 Жарлыгын негиздеп жана Самаркандек айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасындагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн (мурдагы В.И.Лениндин 100 жылдык совхозу) 1992-жылдын февраль айындагы №5799, шифр №734/02-92 инвентаризациялоо материалына ылайык Жаңы-Бак участкасында 0,50 га аянтындагы жер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт жерлер түрүнөн түшүмдүү бак-дарак өстүрүү үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын көп жылдык бак-дарактар түрүнө трансформациялоого макулдук берилсин.Аталган жер участогун Жер кодексинин талабына ылайык мыйзамдаштыруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча адистерге тапшырылсын.
2. Аталган жер участогун Жер кодексинин талабына ылайык мыйзамдаштыруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Полотовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |