Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
2024-жылдын 5-сентябры №104
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнундөгү” №3 Жарлыгын негиздеп жана Самаркандек айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасына ылайык Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын түндүк тарабындагы №497 контурундагы 1,0 га аянтындагы жер “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт жерлер түрүнөн темир-бетон кострукцияларын чыгаруучу ишкана куруу үчүн “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Аталган жер участогун Жер кодексинин талабына ылайык мыйзамдаштыруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча бөлүмүнө тапшырылсын .
3. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары: | Г.Алимова |