Редакцияот 20.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 15-апрели №22                                                                          

 

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентин

бекитүү  жѳнүндѳ

        

           Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентин бекитүү боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин төрагасы тарабынан жана   Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнчатуруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап, алымча-кошумча кылып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

 

1.     Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламенти бекитилсин.

 

2.    Кабыл алынган Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентиндеги талаптарды аткаруу боюнча жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын  жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык этика, регламент жана мандат, социалдык маселелер, жаштар, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнчатуруктуу комиссиянынтөрайымы Ш.О. Куренкеевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                   М.Б. Эсеналиева