Редакцияот 20.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 

ТОКТОМ

 

Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII-чакырылышындагы III-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 15-апрели №23                                                                       

 

Ак-Терек айыл аймактын айылдарынын айыл тургундарынын

айыл чарба жерлерин коруу тууралуу

        

           Ак-Терек айыл аймагында жайгашкан айылдарынын тургундарынын айыл чарба жер аянттарына малдын жайылып, майкандоосунан коруу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

 

1.    Айыл аймактын Кара-Коо, Кызыл-Туу жана Бар-Булак айылдарынын айыл чарба жер аянттарына малдын жайылып, майкандоосунан коруу иштери 2024-жылдын                              10-апрелинен башталсын.

 

2.     Айыл аймактын үстүнкү ѳрѳѳнүндѳгү Комсомол, Дѳӊ-Талаа, Ала-Баш, Коӊур-Ѳлѳӊ, Тогуз-Булак, Кѳл-Тѳр айылдарынын жана Четинди участкасынын тургундарынын  айыл чарба жер аянттарына малдын жайылып, майкандоосунан коруу иштери                     2024-жылдын 25-апрелинен башталсын.

 

3.    Айыл аймактын айыл элинин чечимин (протоколдун негизинде) эске алуу менен жана “Бузуулар” Кодексинин статьяларына ылайык, актылар түзүлүп, мал ээлерине айып салуу үчүн айыл ѳкмѳттѳ түзүлгѳн “Бузуулар” боюнча комиссиянын тѳрагасына (аксакалдар соту) тапшырылсын.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл чарба жана мал чарбаcы боюнча башкы адис  (жайыт, таза суу, сугат суу маселелери) М.А. Мааткеримовго милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                   Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева