Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 545 токтому менен бекитилди) |
Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды
импорттоочулардын керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон
кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон Кыргыз
Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган
товарлардын жана товарлардын таңгагынын
санын декларациялоосу жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын жана товарлардын таңгагынын санын декларациялоосу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүнү жана үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоону же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан (мындан ары - товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар) Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын санын жана өткөн календардык жылы Кыргыз Республикасынын аймагында ички керектөө үчүн сатылган, товарлардын тизмегинде каралган товарлардын таңгагын, керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын таңгагын (мындан ары -товарлар, товарлардын таңгагы) декларациялоо тартибин белгилейт.
2-глава. Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды жана
товарлардын таңгактарын импорттоочулардын
декларацияларды өндүрүүчүнүн кеңейтилген
жоопкерчилигинин операторуна берүү тартиби жана
мөөнөттөрү
2. Өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилигинин оператору (мындан ары - ӨКЖ оператору) - салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымынын төлөмдөрүн чогултууну жана башкарууну жүзөгө ашыруучу, товарларды пайдалануудан калдыктарды кайра иштетүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак.
3. Товарлардын, товарлардын таңгагынын саны жөнүндө декларацияны (мындан ары - декларация) түзүүдө Кыргыз Республикасынан ташылып чыгуучу товарлар, товарлардын таңгактары эсепке алынбайт.
4. Декларация Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 322 "Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын жана товарлардын таңгагынын тизмегин жана товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген тизмектерге (мындан ары - тизмек) киргизилген товарларга жана товарлардын таңгагына карата төмөнкүлөр тарабынан берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүрүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан;
2) товарларды үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоону же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер тарабынан.
5. Товарларды өндүрүүчүлөр баштапкы эсепке алуу документтеринин, товардык-коштоочу документтердин негизинде декларацияга товарлардын, товарлардын таңгагынын саны жөнүндө маалыматты киргизет.
Товарларды импорттоочулар декларацияга бажы документтеринин, товардык-коштоочу документтердин негизинде товарлардын саны, товарлардын таңгагы жөнүндө маалыматты киргизет.
6. Декларация товардын ар бир аталышына, товардын таңгагына карата айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген форма боюнча толтурулат.
7. Товарлардын, товарлардын таңгагынын саны ар бир товардын, товарлардын таңгагынын аталышы үчүн бир килограммга чейинки тактык менен килограмм менен көрсөтүлөт.
8. ӨКЖ оператору Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы (мындан ары - Интернет) өзүнүн расмий сайтында декларацияны түзүү жана берүү үчүн электрондук сервистерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылат же болбосо отчеттуулуктун формаларын жайгаштырат, алар товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар үчүн акысыз негизде жеткиликтүү болууга тийиш.
9. Декларацияны ӨКЖ оператору берүү үчүн отчеттук мезгил болуп бир календардык жыл эсептелет. Жаңыдан түзүлгөн же кайра уюштурулган субъект үчүн биринчи отчеттук мезгил болуп юридикалык жак же жеке ишкер - товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрга чейинки мезгил эсептелет.
10. Декларация жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет.
11. Декларация товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу берилет.
12. Электрондук документ формасындагы декларациянын форматы, түзүмү, кабыл алууну жана берүүнү ырастоо тартиби электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат.
13. Декларацияны электрондук формада берүүдө кагаз жүзүндө кошумча берүү талап кылынбайт.
Товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык системасын пайдалануунун техникалык мүмкүндүгү болбогон учурда декларация товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар тарабынан кагаз жүзүндө бир нускада жеке же почта менен жөнөтүү аркылуу (тиркелген документтердин тизими жана тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен) милдеттүү түрдө электрондук түрдө көчүрмөсүн берүү менен берилет.
14. Электрондук формадагы декларацияны берүү датасы болуп Интернет боюнча ал жөнөтүлгөн дата эсептелет.
15. Кагаз жүзүндөгү декларацияны берүү датасы болуп ӨКЖ операторунун кагаз жүзүндө берилген декларацияны алгандыгы жөнүндө белгисинде көрсөтүлгөн дата же почта менен жөнөтүлгөн дата көрсөтүлөт.
3-глава. Товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды жана
товарлардын таңгактарын импорттоочулар тарабынан
декларациянын туура толтурулушун контролдоо
16. Товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар товарлардын санын, товарлардын таңгагын эсепке алуунун толуктугун, үзгүлтүксүздүгүн жана аныктыгын камсыз кылат.
17. Декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын, товарлардын таңгагынын саны жөнүндө маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын текшерүү декларация кабыл алынган күндөн тартып 3 айдын ичинде ӨКЖ оператору тарабынан жүргүзүлөт.
18. Декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын саны, товарлардын таңгагы жөнүндө маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын контролдоодо ӨКЖ операторунун талабы боюнча товарларды өндүрүүчү, товарларды импорттоочу декларацияны түзүү үчүн негиз болгон баштапкы эсепке алуу документтеринин же болбосо бажылык, товардык-коштоочу документтердин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берет.
Декларацияда товарлардын саны, товарлардын таңгагы жөнүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды толуктугун, туура толтурулушун жана тууралыгын текшерүү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген формага ылайык жүргүзүлөт.
19. Товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импорттоочулар электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасындагы тиешелүү талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде баштапкы эсепке алуу документтеринин же болбосо бажылык, товардык-коштоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн ӨКЖ операторуна берүүгө милдеттүү.
20. Декларация ушул Жобонун 10-пункту менен белгиленген мөөнөттөрдө берилбеген учурда ӨКЖ оператору товарларды өндүрүүчүгө, товарларды импорттоочуга декларацияны берүүнүн зарылдыгы жөнүндө талапты жөнөтөт.
4-глава. Декларацияны берүү тартибин бузуу үчүн
жоопкерчилик
21. Ушул Жобонун ченемдери жана талаптары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде каралган таасир этүү чаралары колдонулат.