Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 13-сентябры № 165
"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1- берене
"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктержөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 23-июлу, №55 (3609)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 2-пункттөмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Баткен району боюнча:
түзүлсүн:
- административдик борбору Ак-Татыр айылы менен Ак-Татыр айыл аймагы түзүлсүн жана 101-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Самаркандек айылы менен Самаркандек айыл аймагы түзүлсүн жана 102-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Жаңы-Жер айылы менен Төрт-Гүл айыл аймагы түзүлсүн жана 103-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Бужум айылы менен Суу-Башы айыл аймагы түзүлсүн жана 104-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Таян айылы менен Алтын-Бешик айыл аймагы түзүлсүн жана 105-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Ак-Сай айылы менен Ак-Сай айыл аймагы түзүлсүн жана 106-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Кара-Бак айылы менен Кара-Бак айыл аймагы түзүлсүн жана 107- тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-6-пункттар менен толукталсын:
"3) Лейлек району боюнча:
түзүлсүн:
- административдик борбору Бешкент айылы менен Кең-Талаа айыл аймагы түзүлсүн жана108- тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Катран айылы менен Лейлек айыл аймагы түзүлсүн жана 109-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Кулунду айылы менен Кулунду айыл аймагы түзүлсүн жана 1010-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик чеги бекитилсин;
- административдик борбору Миң-Жыгач айылы менен Тогуз-Булак айыл аймагы түзүлсүн жана 1011-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде админист-ративдик чеги бекитилсин;
бекитилсин:
- 1012-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде адми нистративдик борбору Ак-Суу айылы менен Ак-Суу айыл аймагынын административдик чеги;
- 1013-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик борбору Борбордук айылы менен Жаңы-Жер айыл аймагынын административдик чеги;
- 1014-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде административдик борбору Андарак айылы менен Сумбула айыл аймагынын административдик чеги;
- 1015-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Раззаков шаарынын административдик чеги;
4) 1016-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Баткен шаарынын административдик чеги бекитилсин;
5) 1017-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Сүлүктү шаарынын административдик чеги бекитилсин;
6) 1018-тиркемеге ылайык схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын административдик чеги бекитилсин.".
2) Мыйзам ушул Мыйзамдын 1-18-тиркемелерине ылайык редакциядагы 101-1018-тиркемелер менен толукталсын.
2- берене
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартыпкүчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
С. Н. Жапаров |
2024-жылдын 11-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|