Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-сентябры № 545
Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын жана товарлардын таңгагынын санын декларациялоосу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Товарларды өндүрүүчүлөрдүн, товарларды импорттоочулардын керектөөчүлүк касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын жана товарлардын таңгагынын санын декларациялоосу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 69 (3623) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |