Редакцияот 15.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 15-августу № 19-9-5

 

2024-жылга Дем берүүчү (үлүштүк) грантына Майлуу-Суу шаарынын социалдык жана башка сунушталуучу обьекттерге смета жасатуу үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 18.07.2023-жылындагы №01-14-337 сандуу кайрылуу катын, шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІⅩ чакырылышынын кезексиз ⅩІⅩ- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу шаарынын 1-вице-мэри Н.А.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2. 2024-жылга Дем берүүчү (үлүштүк) грантына Майлуу-Суу шаарынын социалдык жана башка сунушталуучу обьекттерге смета жасатуу үчүн, шаардык Кеңештин №16-9-4 2023-жылдын 13-мартында чыккан токтомдун 14-пунктунда караган 1350,0 миң сомдон жана ушул жылдын 29-июнундагы №18-9-2 токтомдо көрсөтүлгөн 85,0 миң сомдон экономия болгон акча каражаттардын эсебинен 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражатын мерияга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомкатталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 Шаардык Кеңештин төрагасы

Н. Бостонов