Редакцияот 15.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 15-августу № 19-9-6

 

Дүйнө Чемпионатында Кыргыз Республикасынын Белбоо күрөшү боюна курама камандасынын мүчөсү Майлуу-Суу шаарынын спортчусу Алимбеков Нурислам Майрамбековичке 3-бөлмөлүү муниципалдык батир бөлүп берүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 01.08.2023-жылдын Чыг. № 01-05-490 сандуу кайрылуусун, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ІⅩ чакырылышынын ⅩІⅩ кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу шаарынын 1-вице мэри Н.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

1. Дүйнөлүк жана Азия Чемпионаттарында алдыңкы 3-орунга ээ болгон Майлуу-Суу шаарынан чыккан балбандарга, мативация жана сыйлоо көрсөтүү жаатында Майлуу-Суу шаарынын мэриясына, баалуу белектерди жана муниципалдык батирлерди берүүдө шаардык Кеңеш менен макулдашылсын.

2. 2023-жылдын 14-16-июль күндөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында болуп өткөн Дүйнө Чемпионатында Кыргыз Республикасынын Белбоо күрөшү боюна курама камандасынын мүчөсү Майлуу-Суу шаарынын спортчусу 57 кг салмакта Алимбеков Нурислам Майрамбекович коло медалга ээ болгонуна байланыштуу, 3-бөлмөлүү муниципалдык батир бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомкатталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

Шаардык Кеңештин төрагасы

Н. Бостонов