Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2024-жыл 25-апрели №01-5/210
Соода жүргүзгөн ишкерлердин товарларын ташыган жүк ташуучу унааларга чектөө киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын борбордук, эл көп жүрүүчү көчөлөрдө жана борбордук базардын айланасында соода жүргүзгөн ишкерлердин товарларын ташыган жүк ташуучу унааларга чектөө киргизүү боюнча шаар тургундарынын, квартал башчыларынын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын ооз эки кайрылууларын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Кочкор-Ата шаарынын тургундарынын, квартал башчыларынын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын ооз эки кайрылуулары эске алынсын.
2. Токтогул көчөсү Ленин көчөсүнөн Бишкек-Ош унаа жолуна чейин жана Гагарин, Октябрь көчөлөрүндө соода жүргүзгөн ишкерлердин товарларын ташыган жүк ташуучу оор унаалардын аты аталган көчөлөргө кирүүсүнүн төмөндөгүдөй графиги белгиленсин:
- жылдын жаз мезгилинде кечки саат 2000дөн эрте мененки саат 700гө чейин;
- жылдын кыш мезгилинде кечки саат 1800дөн эрте мененки саат 900гө чейин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген убакыттан башка мезгилде товар ташыган унаалардын жүрүүсүнө жол берилбесин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык ички иштер бөлүмүнө, муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине, квартал башчыларына жана шаардын борбордук бөлүгүндө соода жүргүзгөн соодагер, ишкерлерге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин бардык туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А.Абдуразаков |