Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2024-жыл 4-июну №01-5/211
Муниципалдык балдар бакчасын курууга
жер аянтын ажыратып берүү жүнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэринин муниципалдык менчиктеги балдар бакчасын курууга Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебине тиешелүү болгон жер тилкесинен жер ажыратып тийиштүү токтом кабыл алып берүү боюнча жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат
1. Кочкор-Ата шаарынын мэринин кайрылуу каты эске алынсын.
2. Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебине тиешелүү болгон жер аянтынын ичинен, Тургенева көчөсү тарабынан муниципалдык менчиктеги балдар бакчасын курууга 4 000 м2 (0,40га) жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратылып берилсин.
3. Жерди мөөнөтсүз пайдаланууга укук берүүчү мамлекетткик акт алуу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү Ноокен райондук шаар куруу жана Архитектура Башкармалыгынан жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык мэрияга жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика жана коммуникация боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А.Абдуразаков |