Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2024-жыл 4-июну №01-5/213
Тилекбердиев Усенбек жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, Улуттук Коопсуздук Комитетинин Ноокен райондук бөлүмүнө жаңы имарат курууга жер ажыратып берүү маселеси жаралган кезде, шаарыбыздын борбордук маданият үйүнүн түндүк тарабынан 1000(миң)м2 жер аянтты ажыратылып, ошол жерде Тилекбердиев Усенбекке таандык болгон 100(бир жүз)м2 жер аятты кошулуп кеткендиктен Тилекбердиев Усенбекке шаарыбыздын башка жеринен жер аянттын таап берүү мэрия тарабынан ооз эки сүйлөшүүлөрдүн негизинде убадаланып, азыркы күндө Тилекбердиев Усенбекке бериле турган жер аянтты табылгандыгы боюнча жазган кайрылуу катын жана шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жететкчиликке алып токтом кылат
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 03-июнундагы чыгыш № 01-36/1278 сандуу каты жана шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын административдик аймагынын ичинен бош жаткан жерден Тилекбердиев Усенбекке 100м2 жер аянттын таап берүү мэрияга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А.Абдуразаков |