Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы
2024-жыл 4-июну №01-5/214
Транспорт көчөсүндөгү тротуарга бордюр
орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жүнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, Транспорт көчөсүнө узундугу 1576метр болгон тротуардын эки чекесине бордюр орнотууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Транспорт көчөсүнө узундугу 1576 метр тротуардын эки тарабына бордюр орнотууга акча каражаттын түзүлгөн сметага ылайык жергиликтүү бюджеттин жыл ичинде үнөмдөлгөн киреше булактардын эсебинен жана такталган планга ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А.Абдуразаков |