Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жыл 1-августу №01-5/216
Борбордук эс алуу багына Джумагулов Апас
Джумагуловичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын, «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчилиги жазган кайрылуу каттын негизинде, Кыргыз Республикасынын Баатыры Джумагулов Апас Джумагуловичтин эмгек жолун «Кыргызнефтегаз» ААК ишканадан баштап жана шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымы бар деп эсептеп, Кыргыз Республикасынын Баатыры Джумагулов Апас Джумагуловичтин 90 жылдык юбилейине карата шаарыбыздын борбордук эс алуу багына ушул кишинин ысмын ыйгарып берүүнү сураган кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат
1. «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчилигинин кайрылуу каты жана шаардык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» жана «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиялардын корутундусу эске алынсын.
2. Шаарыбыздын борбордук эс алуу багына Кыргыз Республикасынын Баатыры Джумагулов Апас Джумагуловичтин ысмы ыйгарылсын.
3. Борбордук эс алуу багынын түндүк, түштүк, батыш жана чыгыш тарабынан кире бериш дарбазаларына Джумагулов Апас Джумагуловичтин ысмын жана анын басып өткөн жолун чагылдырган тактайча жазып орнотуу «Кыргызнефтегаз» ААКна жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардык мэрияга жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» жана «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, маданият жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А.Абдуразаков |