Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жыл 1-августу №01-5/218
Иш-планга киргизүү жана акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2024-жылга бекитилген иш-планынын 10-графасында көрсөтүлгөн Ленин көчөсүнө аллея курууга ажыратылган 8 000 000 сом акча каражатын, Токтогул көчөсүндөгү «Кочкор-Ата» атындагы областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборунун түштүк тарабындагы муниципалдык менчиктеги жер аянтына муниципалдык базар курууга жумшоого жана базар куруу жумушун 2024-жылдын иш-планына киргизүүнү сураган сунуш катын, Мырзамамыт Эгембердиев көчөсүн реконструкциялоо учурунда жолду кеңейтүү максатында Ч.Султаналиевдин жеке менчик жер тилкесинен кесилип алынган жерге компенсация иретинде бетон тосмо (подпорный стен) орнотууга, тосмолорун калыбына келтирүүгө, Мырзамамыт Эгембердиев көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилишине сел арык бетон лоток орнотууга жана Джержинский көчөсүндөгү тротуардын долбооруна өзгөртүү киргизилгендигинен (Ленин көчөсүнө туташтыруу) эсебинен ашыкча аткарылган жумушка акча каражатын бөлүп берүүгө сураган катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат.
1. «Кочкор-Ата» атындагы областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборунун түштүк тарабындагы муниципалдык менчиктеги жер аянтына муниципалдык базар куруу жумушун 2024-жылдын иш-планына киргизилсин.
2. Ленин көчөсүнө аллея курууга ажыратылган 8 000 000 сом акча каражатын «Кочкор-Ата» атындагы областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборунун түштүк тарабындагы бош жаткан муниципалдык менчиктеги жер аянтына муниципалдык базар курууга иштетүүгө уруксат берилсин.
3. Жолду реконструкциялоо учурунда Ч.Султаналиевдин жеке менчик жер тилкесинен кесилип алынган бөлүгүнө компенсация иретинде бетон тирегич (подпорный стен) орнотууга жана тосмолорун калыбына келтирүүгө курулуш иштерине каралган акча каражатын эсебинен сметага ылайык таап иштетүүгө уруксат берилсин.
4. Мырзамамыт Эгембердиев атындагы көчө менен Полевая көчөсүнүн кесилишине сел арык бетон лоток орнотууга өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган акча каражаттын эсебинен сметага ылайык бөлүнүп берилсин.
5. Джержинский көчөсүндөгү тротуардын долбооруна өзгөртүү киргизилгендигинен (Ленин көчөсүнө туташтыруу) эсебинен ашыкча аткарылган жумушка сметага ылайык курулуш иштерине каралган акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «бюджет, каржы, экономика, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А.Абдуразаков |