Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 571
Өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон административдик-аймактык бирдиктин чегинде жүзөгө ашырылуучу өнөр жай жана инновациялык ишканалардын инвестициялык ишине дем берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2 “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусу преференциалык аймак болуп аныкталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 193 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 1591, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 146 “Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомунун 6-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме
Өнөр жай ишинин жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон преференциялык түрлөрүнүн тизмеги
№ | ЭИМК коду | Экономикалык иштин түрүнүн аталышы |
1 |
| Инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү |
2 |
| Жеңил жана тамак-аш өнөр жайы |
| 13 | Текстиль өндүрүшү |
| 14 | Кийим өндүрүү |
| 15 | Булгаары, булгаары буюмдарын, бут кийим өндүрүү |
| 10 | Тамак-аш азыктарын өндүрүү (тамеки буюмдарын кошпогондо) |
3 |
| Электр энергетикасы |
| 35.11 | Электр энергиясын өндүрүү |
| 35.12 | Электр энергиясын берүү |
| 35.13 | Электр энергиясын бөлүштүрүү |
| 35.14 | Электр энергиясын сатуу |
4 |
| Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү |
| 10.11 | Эт өндүрүү ( кайра иштетүү жана сактоо),тоок этин кошпогондо |
| 10.12 | Айыл чарба канаттууларынын этин өндүрүү ( кайра иштетүү жана сактоо) |
| 10.20 | Балык, рак сыяктууларды жана моллюскаларды кайра иштетүү жана консервалоо |
| 10.3 | Мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү жана консервалоо |
| 10.31 | Картошканы кайра иштетүү жана консервалоо |
| 10.39 | Мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүнүн жана консервалоонун башка ыкмалары |
| 10.51 | Сүттү кайра иштетүү жана сыр өндүрүү (сыр кайнатуу) |
5 |
| Чогултуу өндүрүшү |
| 26 | Компьютерлерди, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү |
| 27 | Электр жабдууларын өндүрүү |
| 28 | Башка топторго кирбеген машиналарды жана жабдууларды өндүрүү |
| 29 | Автомобиль өндүрүү |
| 30 | Башка транспорт каражаттарын өндүрүү |
| 31 | Эмерек өндүрүү |
| 32 | Башка продукцияларды өндүрүү |
6 |
| Экспортко багытталган бардык өндүрүш |
Эскертүү. ЭИМК – Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору.