Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жыл 1-августу №01-5/219
Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын «Кыргызнефтегаз» ААКу тарабынан «Нефтчи» футбол талаасынын күн чыгыш тарабындагы бош жаткан муниципалдык жер аянттынан трансформатор жана дизелдик генератор орнотууга 50м2 жер тилкесин ажыратып берүүнү сураган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат.
1. Мэриянын кайрылуу каты эске алынсын.
2. «Нефтчи» футбол талаасынын күн чыгыш тарабындагы муниципалдык жерден «Кыргызнефтегаз» ААКна 50м2 жер аянтты ажыратылып берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү Ноокен райондук шаар куруу жана Архитектура Башкармалыгынан жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика жана коммуникация боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: |
Н.А.Абдуразаков |