КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 23-майы № 33/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын Балаты Нур бала бакчасынын сырткы ремонт иштерине Өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин Өнүктүрүү фондунун эсебинен курула турган долбоорлорго өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Өздүк салым үчүн 363 319 (үч жүз алтымыш үч миң үч жүз он тогуз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен Балаты Нур бала бакчасынын сырткы ремонт иштерине 2024-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
2. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы КумДөбө айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.