Редакцияот 23.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIII сессиясы

 

2024-жылдын 23-майы № 33/2

Кум-Дөбө айыл аймагынын Кум-Дөбө айылындагы Сейил багын куруу иштерине иштерине Өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдары жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Б.Тажиевдин  Өнүктүрүү фондунун эсебинен курула турган долбоорлорго өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.   Өздүк салым үчүн 1 000 000   (бир миллион) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен Кум-Дөбө айылындагы Сейил багын куруу иштерине 2024-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

 

2.   Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Б.Тажиевге  милдеттендирилсин.

 

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы КумДөбө  айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

М. Чолпонкулов