КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIII сессиясы
2024-жылдын 23-майы № 33/3
Кум-Дөбө айыл аймагынын Соң-Көл жайлоосуна суу насосун орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин Өнүктүрүү фондунун эсебинен курула турган долбоорлорго өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Өздүк салым үчүн 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен Кум-Дөбө айыл аймагынын Соң-Көл жайлоосуна суу насосун орнотуу иштерине 2024-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
2. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы КумДөбө айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.