КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIV сессиясы
2024-жылдын 29-июлу № 34/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын Кара-Тоо айылынын
Башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 беренесин жетекчилике алып, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Шаар куруу жана архитектура мамлекттик долборлоо институту тарабынан түзүлгөн, Кум-Дөбө айыл аймагынын Кара-Тоо айылынын курулуш куруу долбоорлорунун309 гектар жер аянтына түзүлгөн башкы планы бекитилсин.
2. Кара-Тоо айылынын 309 гектар жер аянтына түзүлгөн башкы планынын негизинде шаар куруу эрежелеринин сактоо жагы Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдетендирилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана мамлекттик реестрге каттоо иштерин алып баруу жагы Кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарлышын көзмөлдөө жагы Айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.