Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-сентябры № 549
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Жаныбарлардын бардык түрлөрүн көбөйтүү жана өстүрүү, анын ичинде канаттууларды инкубациялоо жана багуу боюнча база куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 5-июнундагы № 01-12/645 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Миң-Булак айыл аймагында № 11 (0,63), № 21 (0,04), № 28 (0,02), № 822 (1,0203) контурларда жайгашкан жалпы аянты 1,7103 га кайрак айдоо жерлери жаныбарлардын бардык түрлөрүн көбөйтүү жана өстүрүү, анын ичинде канаттууларды инкубациялоо жана өстүрүү боюнча база куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын наркынын суммасынын ордун толтурууну;
- жер участогунун менчик ээсине, жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участогун баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- көрсөтүлгөн жерлер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянттарын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 70 (3624) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |