Загрузка документа…
ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-июлу № 16/66
Жер участогун которууга макулдук берүү жөнүндө
“Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын мартындагы 2014-жылдын 19-июнундагы № 169, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 жана 13-беренелерине ылайык, Төмөнкү-Аларча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер участогун которууга (трансформациялоого) Төмөнкү-Аларча айыл аймагында жайгашкан, Новая с/ж көчөсүндөгү жалпы аянты 0,82 га “Көлмө”, Айыл чарба жерлериндеги жайыт категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына эс алуу зонасын куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Төмөнкү-Аларча айыл аймагында жайгашкан, Новая с/ж көчөсүндөгү жалпы аянты 0,82 га “Көлмө”, Айыл чарба жерлериндеги жайыт категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына эс алуу зонасын куруу үчүн Жер участогун которуу (трансформациялоо) боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрацияга шапаат кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жургүзүү иши Төмөнкү Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Момбековага жүктөлсүн.
Төмөнкү Аларча айылдык кеңешинин төрайымы |
А.У. Усенбекова |