Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылынын 17-майы №9
“Кыпчак-Талаа айылында жайгашкан 0,30 га жер аянтын газоблок, пескоблок чыгаруучу кичи ишкана курууга макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын газоблок, пескоблок чыгаруучу кичи ишкана куруу үчүн тандалган 0,30 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушун жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, айыл аймагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.
2.Кыпчак-Талаа айылындагы № 346 контурда жайгашкан 0,30 га жер тилкесин трансформациялоого жана газоблок, пескоблок чыгаруучу кичи ишкана куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Мыйзамына ылайык ижаралоого макулдук берилсин.
3.Кыпчак-Талаа айылындагы № 346 контурда жайгашкан 0,30 га жер тилкесинин юридикалык иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана ижаралоо айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Кубатов |