Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылынын 17-майы №8
“Бүргөндү-Достук айыл аймагына жугуштуу оору менен өлгөн мал жандыктарды таштоочу Беккари чуңкурчасын салуу жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын беккари чуңкурчасын куруу үчүн Ичке-Сай участкасынын № 546 контурунда жайгашкан 0,20 га жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү сунушунун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлу № 145 Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын негизинде күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Бүргөндү – Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.
2. Жугуштуу оору менен өлгөн мал жандыктарды таштоочу Беккари чуңкурчасын куруу үчүн айыл аймагындагы Ичке-Сай участкасындагы № 546 контурунда жайгашкан 0,20 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3.Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Ноокен районунун шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |