Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII–ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКТЕГИ XXIX - СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-майы № 190
“Мады айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын аймагында жайгашкан А.Н.Токтоматованын жеке менчигиндеги 1,60 га сугат айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жана башка жерлер категориясына которуу жөнүндөгү №164 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145- мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун (трансформациялоонун) которуунун тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №13–беренесин негиз кылып Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын аймагында жайгашкан А.Н.Токтоматованын жеке менчигиндеги №282* контурундагы 1,60 га сугат айдоо жер аянтын индустриалдык логистикалык борбор куруу учүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековдун билдирүүсүн жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 21-декабрындагы № 240-б “Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан 2023-жылдын 27-декабрындагы оң корутундусун угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы № 164 сандуу токтомунун 1-пункту өзгөртүлүп төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын.
- Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын аймагында жайгашкан А.Н.Токтоматованын жеке менчигиндеги №282* контурундагы 1,60 га сугат айдоо жер аянтын индустриалдык логистикалык борбор куруу учүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. А.Н.Токтоматованын өндүрүштүк ишкана куруу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоого тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Каримовко жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |