Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIV сессиясы
2024-жылдын 29-июлу № 34/7
"Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кум-Дөбө айылдык аймагынын 2024-жылдын 29-июлундагы №250-буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станция филиалы даярдаган Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарынакорректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын жүргүзүлгөнкарап чыгып, Кум-Дөбө Айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Кочкор районун Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу “Арсы”, “Кара-Тоо”,”Шамшы”,”Бугучу”,”Кум-Дөбө” жана “Ак-Жар” участкаларынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча иш кагаздарын жана Актысын карап чыгып, даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча материалдарын, райондук администрациясына бекитип берүүгө, киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2023-жылдын июль айынын 31 деги № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиядан суралсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
М. Чолпонкулов |