Загрузка документа…
|
|
|
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарын ишке ашыруу, жарандардын эркин жүрүү жана жашаган жерин, барган жерин тандоо укугун ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча эсепке алуу системасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
2. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо чөйрөсүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, өткөрүп берүү жана иштеп чыгуу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы;
2) даректик маалымкат - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемеси тарабынан же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же болбосо "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берилүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагында каттоо эсебин жүргүзүү фактысын ырастоочу маалымкат;
3) турак жай - туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир, коммуналдык батир, коммуналдык батирдеги бөлмө, адистештирилген турак жай фондунун үйлөрүндөгү бөлмө, көчмө турак жай фондунун турак үйү);
4) башка жай - ушул Жобого ылайык менчик ээсинин өтүнүчүнүн негизинде юридикалык дареги боюнча жарандардын жашаган жери же барган жери боюнча каттоо эсеби жүргүзүлө турган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырган же калктын социалдык аялуу катмарларына колдоо кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактардын имараттары, курулмалары;
5) идентификациялык код - кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кыймылсыз мүлк бирдиктерине ыйгарылуучу жеке, Кыргыз Республикасынын аймагында кайталанбаган каттоо номерлеринин жыйындысы.
Турак жайга жана башка жайга ыйгарылган идентификациялык коддун болушу жарандардын каттоо эсебин жүргүзүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат;
6) жашаган жери - Кыргыз Республикасынын жараны туруктуу же көбүнчө жашаган жер;
7) барган жери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу же көбүнчө жашоосу үчүн арналбаган жер;
8) ведомстволук мекеме - калкты, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзүүчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, ведомстволук мекемелери тарабынан калкка мамлекеттик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук мекемеси;
9) идентификациялык жеке номер (мындан ары - ИЖН) - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 1 жолу ыйгарылуучу жана жарандарды жекече эсепке алуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ал адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер;
10) каттоо эсеби - Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча эсепке алуунун электрондук системасы, анын негизги принциби ички миграция процесстерин, анын ичинде онлайн форматта жөнгө салуу болуп саналат;
11) аймактык бөлүм - каттоо эсебин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук мекемелеринин аймактык бөлүмдөрү.
Ушул Жободо белгиленген каттоо эсебин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөттөрүнө) берилиши мүмкүн;
12) ыйгарым укуктуу орган - калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу функциясын аткарган мамлекеттик орган;
13) электрондук кол тамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) логикалык жактан ага байланышкан жана маалыматка колу коюлган адамды аныктоо үчүн колдонулган электрондук формадагы маалымат.
14) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары катары гана каттоого алынат. Мында АМСте башка жарандыгы бар экендиги жөнүндө белги коюлат.
4. Кыргыз Республикасынын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдигинин аймагындагы турак жайда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары каттоо эсебине алынууга тийиш.
5. Каттоо эсебине алууну ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранында ИЖНдин болушу милдеттүү шарт болуп саналат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандарын барган жери боюнча каттоо эсебине алуу жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан 1 жылдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.
Жашаган жери болуп саналбаган турак жайга 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө барган (убактылуу жашаган) Кыргыз Республикасынын жараны баруучу жерине келген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен аймактык бөлүмгө кайрылууга же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу каттоо эсебине электрондук арыз берүүгө милдеттүү.
7. Белгилүү жашаган жери жок Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо эсебине алуу алар барган аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын же болбосо социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырган же калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактардын юридикалык дареги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын же социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырган же калктын социалдык жактан аялуу катмарларына колдоо кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактардын өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт.
8. Белгилүү жашаган жери жок Кыргыз Республикасынын жаранында ким экендигин ырастоочу документи жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырган же калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактар белгилүү жашаган жери жок Кыргыз Республикасынын жаранынын сөздөрүнөн маалымат (аты-жөнүн) алат жана Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында аймактык ички иштер органдарына, аскер комиссариаттарына суроо-талап жөнөтөт.
Алынган маалыматтын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы же социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырган же калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо кызматтарын көрсөткөн юридикалык жактар каттоо эсебин жүргүзүү үчүн белгилүү жашаган жери жок Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастаган документти алууга көмөк көрсөтөт.
Белгилүү жашаган жери жок Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жүктөлөт.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо эсебине алуу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.
10. Менчик юридикалык жак ээси болуп саналган турак жайда жаранды каттоо эсебине алуу турак жайдын менчик ээсинин өтүнүчүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
11. Эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан соттолгон адамдардын каттоо эсеби жок болгон учурда каттоо эсеби түзөтүү мекемесинин юридикалык дареги боюнча түзөтүү мекемесинин өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт.
12. 16 жашка толо элек балдарды, ошондой эле паспорту жок 16 жашка толгон балдарды каттоо эсебине алуу ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлдүн арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Паспорту бар 16 жашка толгон балдарды каттоо эсебине алуу алардын жеке арызынын негизинде жүргүзүлөт.
13. Жашаган жери же барган жери боюнча катталбаган балдар мекемелериндеги (ымыркай балдардын үйү, балдар үйлөрү, мектеп-интернаттар, атайын мектептер жана башка ушул сыяктуу мекемелер) балдарды каттоо эсебине алуу жогоруда аталган мекемелердин өтүнүчү боюнча өтүнүчтө белгиленген мөөнөткө алардын юридикалык дареги боюнча ишке ашырылат.
14. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин жана окуп жаткандарды каттоо эсебине алуу билим берүү уюмунун юридикалык дареги боюнча же билим берүү уюмунун жатаканасынын жайгашкан дареги боюнча тиешелүү билим берүү уюмунун өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт.
15. Уруксатсыз курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо эсебине алуу ушул Жобого ылайык жалпы негизде жүргүзүлөт.
Уруксатсыз курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо эсебине алуу уруксатсыз курулуштарды мыйзамдаштыруу үчүн негиз болуп саналбайт.
16. Каттоо эсебин ырастоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жаранынын каалоосу боюнча даректик маалымкат берилет.
Даректик маалымкатты берүү тартиби, анын формасы жана колдонуу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
17. Каттоо эсебине алуу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- паспорт (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- 16 жашка чейинки балдар, ошондой эле 16 жашка толгон паспорту жок балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- аскердик билет - мөөнөттүү аскер кызматындагы Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүү жарандары үчүн;
- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотуу жөнүндө маалымкат.
18. Улуттук коопсуздуктун жана коомдук тартипти сактоонун, калктын саламаттыгын сактоонун кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан эркин жүрүүгө, жашаган жери жана барган жерин тандоого чектөөлөр белгиленет. Эркин жүрүүгө, жашаган жана барган жерди тандоого чектөөлөр белгиленген Кыргыз Республикасынын жерлери "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясында аныкталган.
19. Каттоо эсебине алуу жөнүндө арыз берүүдө Кыргыз Республикасынын жараны жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук берет.
2-глава. Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жери же барган жери боюнча каттоо эсебине алуу эрежелери
20. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны каттоо эсебинен өтүүгө милдеттүү.
21. Жашаган жери өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасынын жараны 10 календардык күндүн ичинде жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө кайрылууга же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу каттоо эсебине электрондук арыз берүүгө милдеттүү.
Каттоо эсебине алуу боюнча арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- ушул Жобонун 17-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документ;
- идентификациялык код;
-турак жайдын менчик ээсинин паспорту (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- 16 жашка чейинки же 16 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок балдар үчүн - туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ата-энесинин биринин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн паспорту.
22. Кыргыз Республикасынын жаранына жана турак жайдын менчик ээсине жана/же ишенимдүү адамга (ишеним кат боюнча кайрылган учурда) каттоо эсебин жүргүзүү үчүн АМСте идентификациялоодон өтүү керек.
Турак жайдын менчик ээсин жана Кыргыз Республикасынын жаранын жана/же ишенимдүү адамды идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте адамдын графикалык сүрөтүнүн негизинде жүзөгө ашырылуучу Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - КБМР) камтылган жеке маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат, анын ичинде ИЖНдин шайкеш келүүсү, аты-жөнү, Кыргыз Республикасынын жаранынын жана турак жайдын менчик ээсинин жана/же ишенимдүү адамдын издөөдө эмес экендиги текшерилет.
Кыргыз Республикасынын жаранынын каттоо эсебине берген арызында турак жайдын менчик ээсинин жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жана/же ишенимдүү адамдын өз колу/электрондук кол тамгасы коюлат.
23. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча (КБМРде маалыматтар болбогондо) каттоо эсебине алууга жол берилет, мында ишеним берилген адамдын арыз берүүгө жана каттоо эсебин жүргүзүүгө ыйгарым укуктары ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Турак жайдын менчик ээси жана/же Кыргыз Республикасынын жараны жок болгон учурда каттоо эсебине алуу үчүн турак жайдын менчик ээси жана/же Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан каттоо эсебин жүзөгө ашыруу боюнча менчик ээси жана/же Кыргыз Республикасынын жараны өз колу менен кол койгон, жеке жактар үчүн (КБМРде маалыматтар болбогондо) - нотариуста күбөлөндүрүлгөн макулдук-арызы берилет. Мында турак жайдын менчик ээсин жана/же Кыргыз Республикасынын жаранын АМСте идентификациялоо талап кылынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Эгерде турак жайдын менчик ээси 18 жашка чыга элек адам болсо, каттоо эсебин жүргүзүүгө макулдук анын ата-энесинин бири же башка мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилет.
26. КБМРда маалыматтар жок болгон учурда АМСке киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жараны берген документтердин түп нускаларын сканерлөө жүргүзүлөт. Документтердин түп нускалары Кыргыз Республикасынын жаранына кайтарылып берилүүгө тийиш.
27. Ыйгарым укуктуу орган менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын же юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо эсебине алуу жөнүндө маалыматтар, Кыргыз Республикасынын аскерге милдеттүү жарандары жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу корголгон байланыш каналдары боюнча электрондук түрдө мамлекеттик органдарга жана юридикалык жактарга берилет.
Кыргыз Республикасынын маалыматтарды коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына Кыргыз Республикасынын 16 жаштан 55 жашка чейинки аскерге милдеттүү жарандары жөнүндө маалыматтарды берүү кагаз жана/же электрондук түрдө купуялуулук режимин жана маалыматтык коопсуздук чараларын сактоону эске алуу менен ИЖНин, аты-жөнүн, туулган жылын, каттоо эсебине алынган жерин (мурдагы жана жаңы) көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.
28. АМСте турак жайдын менчик ээсинин жана/же Кыргыз Республикасынын жаранынын жана/же ишенимдүү адамдын изделип жаткандыгы жөнүндө маалымат бар болсо, жаран каттоо эсебине алынат, каттоо эсеби тууралуу маалыматтар электрондук түрдө "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
29. Каттоо эсеби өзгөртүлгөндө аймактык бөлүмдөр тарабынан каттоо эсеби жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун чипине киргизилет.
30. Кыргыз Республикасынын жараны колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүү менен каттоо эсебин жүргүзүү үчүн аймактык бөлүмгө кайрылган же паспорт жоголгондугуна байланыштуу паспорт берилбеген учурда аймактык бөлүмдөр АМСте берилген маалыматтарды текшерет жана алынган маалыматтардын негизинде каттоо эсеби жүргүзүлөт.
31. Каттоо эсебин жүргүзүүдө турак жайдын менчик ээсинде Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту болушу керек.
32. Менчик укугунда Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече турак жайы бар Кыргыз Республикасынын жараны жашаган жери боюнча алардын биринде гана катталат.
33. Эгерде турак жайдын менчик ээлери бир нече адам болсо, каттоо эсебин жүргүзүү үчүн каттоо эсебин жүргүзүүгө бардык менчик ээлеринин (КБМРда маалыматтар болбогондо) нотариалдык макулдугу талап кылынат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын жараны турак жайдын менчик ээси болуп саналса, өзүн жана/же башка турак жайдын менчик ээлеринин өзүнүн жашы жете элек балдарын каттоого алууга макулдук талап кылынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Эгерде каттоо эсебине алуу учурунда жакын туугандарын кошпогондо, турак жайда 10 жана андан ашык жаран катталгандыгы аныкталса, аймактык бөлүмдөр ушул Жобонун 2-главасында белгиленген тартипте каттоо эсебин жүргүзөт жана 1 иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ички иштер органынын тиешелүү райондук бөлүмүнө жана аймактык шайлоо комиссиясына маалымат үчүн билдирүү (электрондук же кагаз түрүндө) жөнөтөт.
3-глава. Жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу
35. Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо эсебинен чыгаруу аймактык бөлүмдөр же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу төмөнкү негиздер боюнча ишке ашырылат:
- жашаган жерин өзгөртүү - жарандын арызынын негизинде;
- ээлеп турган турак жайдан чыгаруу же турак жайды пайдалануу укугун жоготту деп таануу - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;
- каттоо эсебине алуу үчүн негиз болгон чындыкка дал келбеген маалыматтар же документтер же болбосо каттоо эсеби жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттеринин фактыларын аныктоо - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;
- турак жайга менчик укугун ырастаган документтерди берүү менен турак жайдын менчик ээсинин турак жайдын мурдагы менчик ээси менен бирге жашаган адамдарды каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө арызы;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмү.
– нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча каттоо эсебинен чыгарууга жол берилет (КБМРде маалыматтар болбогондо), мында ишеним берилген адамдын арыз берүүгө жана каттоо эсебин жүргүзүүгө ыйгарым укуктары ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 856 токтомунун редакциясына ылайык)