Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылынын 17-майы №7
“Келечек участкасында жайгашкан 0,60 га жер
аянтына тоок ферма курууга макулдук берүү жөнүндө”
Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын тоок ферма куруу үчүн керектелген 0,60 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү сунушун жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, айыл аймагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.
2.Келечек участкасынын № 527 контурунда жайгашкан 0,60 га жер тилкесин трансформациялоого жана тоок ферма куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Мыйзамына ылайык ижаралоого макулдук берилсин.
3.Келечек участкасынын № 527 контурунда жайгашкан 0,60 га жер тилкесинин юридикалык иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана ижаралоо айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: |
Б.Кубатов |