Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-майы №13/7
Тоголок-Молдо айыл аймагындагы жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, жайыт, сугат суу адиси Кадырбек уулу Бексултандын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысынын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоо) билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тоголок-Молдо айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кара-Ой айылындагы контурлар; №1444-48,5га; №1432-24,6га; № 1547-14,6 га №1548-7,8 га; №1556-56,0 га; контурларындагы жалпы аянты 151,5 га жерлер жана
Көк-Жар айылы боюнча №2710; №2711; №1771; №1772; контурундагы жерлер, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысынын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Тоголок -Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдылдаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Турдубеков |