Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXIV сессиясы
2024-жылдын 29-июлу № 34/9
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдарында келечекте транформация болуп турак жай куруу үчүн бөлүнө турган жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 беренесин жетекчилике алып, 2005-жылдын 6-майы N 177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы Кум-Дөбө,Бугучу, Ак-Жар,Кара-Тоо, Арсы айылдары үчүн жеке менчик турак жай үй куруу үчүн жер участогунун өлчөмү 0,10 га дан бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагында жеке менчик турак жай үй куруу үчүн жер участогунун өлчөмү Шамшы айыл үчүн 0,15 га дан бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин, айыл жана жер реформасы, айлана- чөйрөнү коргоо,курулуш байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана жер маселелери боюнча башкы адиси Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага |
М. Чолпонкулов |