Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VII-чакырылышындагы IV–кезексиз сессиясы
2024-жылдын 25-апрели №29
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Бар-Булак “Пансионатына” саркынды суу тазалоочу (очистное сооружение) жайды курууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Бар-Булак “Пансионатына” саркынды суу тазалоочу (очистное сооружение) жайды курууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Бар-Булак “Пансионатына” саркынды суу тазалоочу (очистное сооружение) жайды курууга 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Аппараттын эмгек акысына 2111 беренесине теӊдештирүүчү гранттан каралган акча каражатынан 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом аппараттын 3111 беренесине жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.А.Молдобаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага Б.Б. Барыктабасов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева