Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIII-сессиясы
2022-жылдын 2-августу № 76
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына (мындан ары-“Кыргызгеология” МИ) Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Беш-Терек участкасында лицензиялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жер бөлүкчөсүн убактылуу бөлүп берүү жөнүндө
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 10-7-19-сандуу кайрылуу катын Салам-Алик айылдык кеңеши карап чыгып, жалпы депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндөгү Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана жер, кен боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2022-жылдын 18-апрелинде берилген 7060 СЕ лицензиясынын жана №1 лицензиялык макулдашуунун негизинде көмүр казууга Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Беш-Терек участкасынан 447,28 (төрт жүз кырк жети бүтүн жүздөн жыйырма сегиз) га жер бөлүгүн убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы менен айыл өкмөтү сессияда сунуш кылынган шарттар боюнча келишим түзүү жана жумушчу кызматчыларынын 70 % (жетимиш) жергиликтүү жумушчуларды кабыл алуу сунушталсын.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары | Н.Темирова |