Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 9-сентябры № 77
Кызыл-Чарба айылынын тургуну Баялиева Нурийла Нышанбаевнага жеке менчик турак- жай участкасынын максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик алминистрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Чарба айылынын тургуну Баялиева Нурийла Нышанбаевага жеке турак жай багытындагы идент. коду № 5-0616-1007-0350 сандуу номериндеги турак-жай үйүнүн 800 м.кв. аянтын баня куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке милдеттендирилсин.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.М.Калмурзаева |