Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 9-сентябры № 78
15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебин Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу жана эски мектептин имаратын бузуудан түшкөн материалдык каражаттарын чыгыштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл өкмөт башчысынын сунушунажана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектеби республикалык бюджет аркылуу каржыланып, жаңы курулушу башталгандыгына байланыштуу мектептин эски авариялык абалдагы мектептин имараты Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылсын.
2. Бузулуудан түшкөн жарактуу тыныкеси Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин спорт залынын чатырынын үстүн жабуу үчүн өткөрүлүп берилсин.
3. Бузулуудан түшкөн калган жыгач материалдары Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 5-августундагы № 169-сандуу буйругу менен түзүлгөн комиссия курамынын чечимине ылайык чыгышталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Маматибраим уулу Раиске милдеттендирилсин.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.М.Калмурзаева |