Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 9-сентябры № 79
Салам-Алик айылындагы ооруканага ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана депутаттардын сунушуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айылындагы пайдаланылбай бош турган ооруканага медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Салам-Алик айылынын тургуну, маркум Сатыбалдыев Шермамат Раимбековичтин ысымын ыйгаруу маселеси оорукананын, штаттык бирдиктери ачылып, толук кандуу ишке киргизилгенден кийин чечилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин социалдык тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.М.Калмурзаева |