Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 6-апрели № 25/119

Муниципалдык ишканалардын төлөм ченемдерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Төмөнкү-Аларча айылдык кеңеш

 

 

ТОКТОМ кылат:

 

 

1. “Тазалык Тɵмɵнкү-Аларча” Муниципалдык ишканага таштанды чыгаруу боюнча тɵмɵндɵгүдɵй төлөм ченемдери бекитилсин:

 

1) Чарбалык субъектилерге, юридикалык жактарга - куб метрине 300 сом.

2) Жеке жактарга - бир адамга айына 40 сом.

3) Коммерциялык уюмдардан ай сайын таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн:

 - 30 м2 чейин - 300 (үч жүз) сом;

- 30 м2ден 60 м2ге чейин - 450 (төрт жүз элүү) сом;

- 60 м2ден 90 м2ге чейин - 700 (жети жүз) сом;

 - 90 м2 жогору - 1000 (бир миӊ) сом.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү иши Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Момбековага жүктөлсүн.

 

Төмөнкү-Аларча айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.У. Усенбекова