Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 9-сентябры № 80
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын 6 айындагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жанаСалам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын 6 айындагы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча аткарылган иштери жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.М.Калмурзаева |