Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 9-сентябры № 82
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Нуралиева Канышай Меманбаевнаны Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана тиешелүү жоболорго ылайык Салам-Алик айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук аппаратында көп жыл эмгектенип, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондогу эмгегин эске алуу менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Нуралиева Канышай Мейманбаевна Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеёешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.М.Калмурзаева |