Редакцияот 06.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 6-апрели № 25/121

Жайыт пайдалануучулардын ижара акысын бекитүү жөнүндө

Жайыт пайдалануучулардын ижара акысынын тарифтери боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123чү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктунун негизинде, Төмөнкү-Аларча айылдык кеңеш

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1. Жайыт жерлеринин 1 га үчүн ижара акысы 1000 (миӊ) сомдон - 10 000 (он миӊ) сомго чейин анын жайгашкан жерине жараша бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө иши Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» территориялык өз алдынча башкаруу коомунун төрагасы Н.Э. Молдогазиевге жүктөлсүн.

 

Төмөнкү-Аларча айылдык

кеңешинин төрайымы

 

А.У. Усенбекова