Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 84
Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 102-117-беренелерине жана Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план алып жергиликтүү бюджетти толуктоо үчүн алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план алуу жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сомго кошумча план берилсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө билим берүү бөлүкчөсүнө 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.М.Калмурзаева |