ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-майы № 26/123
Канализация тармактарын колдонуу үчүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 11-пунктунун негизинде, Төмөнкү-Аларча айылдык кеңеш
ТОКТОМ кылат:
1. “Төмөнкү Аларча суу түтүктөр чарбасы” муниципалдык ишканасынын тарифтери борбордук канализация тармактарына кошулуу жана пайдалануу боюнча төмөндөгүдөй бекитилсин:
жеке жактар үчүн - 7000 (жети миң) сом, бир жолку төлөм;
юридикалык жактарга - 50 000 (элүү миң) сом, бир жолку төлөм.
2. Борбордук канализация тармагынын чек аралары бекитилсин, тактап айтканда Төмөнкү Аларча суу түтүктөр чарбасы” муниципалдык ишканасынын каражаттарынын эсебинен оңдоо негизги борбордук канализация түтүктөрүндө гана жүргүзүлөт.
3. “Төмөнкү Аларча суу түтүктөр чарбасы” муниципалдык ишканасынын мүдүрү М.С. Сооронкулов тарифтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү иши Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К. Момбековага жүктөлсүн.
Төмөнкү-Аларча айылдык кеңешинин төрайымы |
А.У. Усенбекова |