Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2022-жылдын 14-сентябры № 85
Атуулдар Акматалиева Алтынгүл Кайыпбердиевнага жана Раимбеков Агарбек Жоромаматовичке турак-жайсалууга кезексиз жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө
Ара-Көл айылынын тургуну Акматалиева Алтынгүл Кайыпбердиевна турмуштук оор кырдаалдарды башынан өткөрүп келүүдө. Өзү 2-группадагы майып, эки баланын жалгыз бой энеси, турак-жайы жок, ар кайсы жерде баш калкалап, жашап жатат. Буга чейин турак-жай маселеси жана жер участкасы боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына, Өзгөн райондук прокуратурасына, Салам-Алик айыл өкмөтүнө арыз менен бир нече жолу кайрылган. Ошондой эле Салам-Алик айылынын тургуну 1986-жылы туулган Раимбеков Агарбек Жоромаматович турмуш шартына байланыштуу, 2-группадагы тубаса майып, ушул убака чейин ата-энеси менен чогуу жашап жатат. Жогорудагы эки атуул жеке турак-жай салууга өтө муктаж.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы макулдук добуш берүүсүнүн карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айылынын тургуну Акматалиева Алтынгүл Кайыпбердиевнага турмуш шартын эске алып, 2 баланын жалгыз бой эне катары өзү туулуп өскөн айылынан коопсуз жерден жеке менчик турак-жай салууга 0,08 га жер тилкеси кезексиз бөлүнүп берилсин.
2. Салам-Алик айылынын тургуну 1986-жылы туулган Раимбеков Агарбек Жоромаматовичке турмуш шартына байланыштуу, 2-группадагы тубаса майыптыгын, ушул убака чейин ата-энеси менен чогуу жашап жаткандыгын эске алып өзү туулуп өскөн айылынан коопсуз жерден жеке менчик турак-жай салууга 0,08 га жер участогу кезексиз бөлүнүп берилсин.
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбекке тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Б.М.Калмурзаева |